Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Айзиректин өлүмү мыйзамсыз курал маселесин козгоду


Айзиректин өлүмү үй-бүлө зомбулугу гана эмес, элдин колундагы аңчылык куралдын мыйзамдуулугу тууралуу маселени да талкууга чыгарды.
Айзиректин өлүмү үй-бүлө зомбулугу гана эмес, элдин колундагы аңчылык куралдын мыйзамдуулугу тууралуу маселени да талкууга чыгарды.

Күйөөсүнүн колунан мерт болгон Айзирек аттуу келиндин ишине байланыштуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) парламентте маалымат берди.

ИИМдин өкүлү атылган курал шектүүгө чоң атасынан калган деген маалымат бар экенин айтты. Мыйзамсыз куралды өз учурунда текшерүүгө албаган бир канча кызматкерге чара көрүлгөнү белгилүү болду. Бул окуя үй-бүлө зомбулугуна байланышкан курч көйгөйлөр менен катар эле айыл жериндеги аңчылык куралдын мыйзамдуулугу жана көзөмөл кандай, кимдердин колуна берилген деген суроолорду козгоду.

"Кызматкерлер жоопко тартылды"

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 3-июндагы жыйынында ИИМ өкүлдөрү бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине баргандан кийин күйөөсүнүн колунан каза тапкан Айзирек аттуу келиндин ишине байланыштуу маалымат берди.

Ички иштер органдарынан маалымат алууну депутат Айсулуу Мамашева сунуштаган. Ал ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевден маркумдун күйөөсүнүн куралынын таржымалын сурады. ИИМдин өкүлү бул курал буга чейин каттоого алынбаганын, текшерилбегенин бышыктап, буга байланыштуу айрым кызматкерлер жазаланганын билдирди.

"Куралдын номерлери өчүрүлгөнүнө байланыштуу текшерилип жатат. Ал бул курал чоң атасынан калганы тууралуу маалымат берди. Бул курал кандай жагдайда, качан келгени териштирилип жатат. Шалаакылык кылганы, убагында бул курал-жаракты текшербегени үчүн бир канча кызматкер жоопко тартылды. Мыйзамсыз курал-жаракты тактоо боюнча жумуштарды такай жүргүзүп келебиз. Алынган маалыматтардын негизинде кээ бир үйлөргө тинтүү жүргүзүп, жылына бир топ курал-жарак алынып турат",-деди Абдиев.

38 жаштагы маркум Айзирек Эралиева аңчылык куралдан атылганы айтылган. Келиндин 40 жаштагы күйөөсүн Кара-Кулжа райондук милициясы 26-майда кармап, эки айга камакка алды.

Ош облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Шектүүнүн колундагы аңчылык куралы эч жерде катталган эмес. Анын курал алып жүрүү, сактоо укугу болбогону тергөөнүн жүрүшүндө анык болду. Буга байланыштуу Ош облустук милициясынын беш кызматкерине тартиптик чара колдонулду.

Совет мезгилинде тоодо мал баккан чабандарга аңчылык курал берилип, кийин ал муундан муунга өтүп, айрымдары сатып жиберип, мыйзамсыз көтөрүп жүргөндөр бир топ. Муну милициянын соңку статистикасы деле ырастап турат. Айталы, быйыл жыл башынан бери эле Ош облустук милициясы мыйзамсыз курал сактап жүргөн 50 адамды аныктап, айыппул салган.

Милициянын ардагери Калтарбек Кыдыров элдин колундагы аңчылык куралды такай текшерүүгө алуу, каттоо иштери чабал жүрүп келгенин сынга алууда. Ушундай үрөй учурган окуяларда гана эстебестен коопсуздук чараларын такай жүргүзүп туруу зарыл дейт милиция ардагери:

ИИМдин ардагери Кыдыров Калтарбек.
ИИМдин ардагери Кыдыров Калтарбек.

“Айрым учурларда эле операция жүргүзүп, элден мыйзамсыз куралды чогултуп калышат. Негизинен бул иш тынымсыз жүрүп, системалуу ишке айланыш керек. Азыр каалаган учурда рейд өткөрүп, “мынча мыйзамсыз курал алынды” деген маалымат менен чектелип жатышат. Азыр эми резонанстуу, жаман иш болуп кетти. Элге кайрылып, мыйзамсыз курал көтөрүп жүргөндөрдү тапшыртуу керек. Мыйзамсыз курал сактагандарга жазаны күчөтүп койсо болот. Мисалы, мыйзамсыз аңчылык куралга айыппул гана салынат. Кылмыш-жаза кодексинде жаза каралган эмес. Ошого жазаны катаалдаштырып койсо болот”.

"Эл кимде курал болсо, милициядан жашырбай айтыш керек"

Кыргызстандын мыйзамдарында аңчылык курал 20 жаштан жогорку курактагы, психикалык саламаттыгы жакшы, соттолбогон жана башка бир нече талаптар менен берилерин Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү Нургазы Саматов айтып берди:

“Аңчылык куралды ала турган адам соттолбогон, анын үстүнөн милицияга арыз түшпөгөн, баңгизатка көз каранды болбогон, психикалык саламаттыгы туруктуу, көрүүсү жакшы болушу шарт. Сайлуу курал алыш үчүн беш жылдык аңчылык тажрыйбасы бар, уюшкан кылмыштуу топторго аралашпаган, тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдарга тиешеси жок адамдарды текшерип, анан аңчылык кылуусуна куралга макулдук берилет”.

Аңчылык куралга ээлик кылыш үчүн “Мергенчилер жана аңчылар” коомуна мүчө болуш керек. Аталган коомдун төрагасы Абдимажит Алымкулов курал алуудан мурун аны сактоонун эрежелерине дагы чоң маани берилерин айтып жатат.

“Биринчи кезекте куралды сактоо үчүн шаар болобу, айыл болобу, бөлмөнүн ичинде атайын сейф болушу керек. Ал өтө бекем бекитилип, башкалар ача албай тургандай кулпуланат. Сейф дубалга же жерге катырылган болушу шарт. Курал аңчылык кылуу үчүн гана багытталып, аңчылыктан башка учурда көтөрүп жүрүүгө дагы укугу жок”.

“Мергенчилер жана аңчылар” коомунун дагы бир мүчөсү Жыргал Чоёнов эл ичиндеги мыйзасыз курал-жаракты коомчулук дагы ачык айтып, жаап-жашырбашы керек деп эсептейт. Көп учурда, анын белгилешинче, айыл-апада билсе дагы айтпай жашырып койгон учурлар болот:

Жыргалбек Чоёнов
Жыргалбек Чоёнов

“Биздин ички иштер кызматкерлери бекитилип жаткан куралдын баарын эле билбейт. Ошондуктан коомчулук да жардам берип, кимде курал болсо, ачык эле айтыш керек. Ал кандай кишилердин колунда, күнүмдүк кер-мур айтышкандан деле куралын көтөрүп чыкпайбы? Ошондуктан өзүбүздү өзүбүз түздөбөсөк мыйзамсыз курал аябагандай кооптуу”.

Ошентип, Айзиректин кейиштүү тагдыры коомдогу үй-бүлө зомбулугу эле эмес, мыйзамсыз сакталган курал боюнча дагы маселени козгоду. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу деп азыр көп жагдайларды милиция ачыкка чыгара элек.

Кыргызстанда мыйзамсыз сакталган курал-жаракты мамлекетке кайтарып, каттоо иштери жүрүп турат. Мындан тышкары ири саясий окуяларга тушташ тополоңдор маалында уурдалган курал-жарак эл ичинде сакталып кала берген учурлар болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG