Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

7-июндун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

7-июнда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 7-июнда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19...24, күндүз 24…29;

Талас жергесинде түнкүсүн 16...21, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 26…28 градус болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG