Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Украинанын "Желе" операциясындагы "Казакстан изи". Астана эмне дейт?


Украинанын "Желе" операциясы учурунда өрттөнүп жаткан орусиялык учак.
Украинанын "Желе" операциясы учурунда өрттөнүп жаткан орусиялык учак.

Украин атайын кызматы жүргүзгөн “Желе” операциясында Орусиядагы бир нече аскер аэродромуна дрон менен сокку урулуп, стратегиялык бомбалоочу учактар жок кылынды. Айрым орусиялык ЖМКлар жана Telegram каналдар украин операциясындагы “Казакстандын изи” тууралуу жазышты. Астана буга эмне дейт?

1-июнда Орусиянын Мурманск облусундагы “Оленья” жана Иркутск облусундагы “Белая” аскер авиабазалары дрон чабуулуна кабылды. Пилотсуз учактар Орусиянын аймагына жүк ташыган машиналарга жашырылып жеткирилгени белгилүү болду. Дрондор алыстан башкарылып турган.

Амур облусунда да ушуга окшош контейнерлерди ташыган эки жүк унаасы жолдо баратканда күйүп кеткен. Бул окуя Ыраакы Чыгыштагы “Украинка” авиабазасына да чабуул пландалганы тууралуу божомол жаратты.

Украинанын Коопсуздук кызматы бул операциянын натыйжасында Орусияга 7 миллиард долларлык чыгым келтирилгенин, жалпысынан 41 учак зыянга учураганын, алардын арасында А-50, Ту-95, Ту-22М3 жана Ту-160 бар экенин 2-июнда маалымдаган.

Ушул эле маалыматты 3-июнда украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы ырастаган.

Орусиянын бийликчил маалымат каражаттары өлкө жалпысынан он учактан айрылганын, алардын төртөө Ту-95, бешөө Ту-22М3 жана бирөө Ан-12 экенин жазышты.

НАТОнун эсебинде, Орусияда Украинанын бул чабуулдарынан 40тан ашуун учак зыян тартты, алардын 10-13ү таптакыр жок кылынды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу өзү жүргүзгөн анализдин жана спутниктен тартылган сүрөттөрдүн негизинде канаттуу ракеталарды ташыган стратегиялык кеминде 11 учак жок кылынганын аныктай алды.

Украинанын чабуулдарынан кийин орусиялык аскерий Telegram каналдар операцияга даярдык Челябинск облусунда жүргүзүлгөн болушу мүмкүн экенин жана дрондордун айрым бөлүктөрү дал ушул облустагы кампаларда чогултулганын жазышты. Алар жүк ташуучу эки унаанын Челябинск шаардык номурлары болгонун далил катары келтиришкен.

Аталган аймак Казакстанга жакын жайгашып, бул өлкө “логистикалык пункт" катары роль ойногон деген версиялар аталды. Андай версиялардын биринде операцияда колдонулган дрондордун тетиктери Казакстандын аймагынан ташылып келиши мүмкүн болгондугу да айтылды. Бирок бул маалыматтар факт түрүндө кандайдыр бир далилдер менен тастыктала элек.

Москва ушул күнгө чейин Астананы түз же кыйыр түрдө чабуулдарга тиешеси бар деп айыптаган жок.

Mash Telegram каналы дрондор ташылган жүк унааларына ээлик кылган логистикалык компаниянын жетекчиси "Желе" операциясынан бир нече күн мурун Казакстанга чыгып кеткенин жазды. Орусиялык медиа каражаттары ал теги украин орус жараны Артем Тимофеев экенин жазышты.

Астананын реакциясы

Кремлге жакын маалымат каражаттары Украинанын атайын кызматынын операциясында "казак изин" издеп жаткан учурда Астана бул версиялар тастыктала электигин билдирди.

2-июнда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров негизсиз гипотезаларды "күмөндүү Telegram каналдар таратып жатат" деп билдирди.

"Мен "кутум теориясына" жана ар кандай божомолдорго комментарий бербейм. Биздин расмий органдарга кайрылуулар болсо жооп беребиз", - деди Смадияров журналисттерге.

Бир күндөн кийин "Казинформ" мамлекеттик агенттиги саясат талдоочу Адил Сейфуллиндин пикирин жарыялады. Саясат талдоочу Казакстандын Орусиядагы чабуулдарга катыштыгы тууралуу билдирүүлөрдү "Казакстанга болгон ишенимди кетирүүгө багытталган спекуляция" катары баалады:

"Казакстан Орусиянын ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы өнөктөшү бойдон калууда, бирок гуманитардык жана аскердик кызматташууну так айырмалай алат. Бул интернетте тараган ураан эмес, расмий мамлекеттик позиция. Казакстанга карата айыптоолор расмий органдардан эмес, Telegram каналдарынан жана көптөн бери массалык маалымат каражаттарынын куралына айланган “согуш кабарчыларынан” келип жатат. Алардын максаты – Казакстан менен анын негизги өнөктөштөрүнүн ортосуна жик салуу, Астананы эл аралык коомчулуктун алдында дискредитациялоо жана Казакстандын тышкы саясатынын эгемендигине шек туудуруу".

Адил Сейфуллин сөзүнүн соңунда спекуляцияларга жооп катары "провокацияларды катуу четке кагуу" керектигин белгиледи.

Костанайдын жергиликтүү "Наша газета" басылмасы отставкадагы полковник Дархан Данияровдун комментарийин жарыялады.

"Аскердик кесипкөй аналитик катары айтарым, биринчиден, бул сөздөр негизсиз, экинчиден, алар Казакстандын аброюна шек келтирүү максатында атайын жасалган маалыматтык кампаниянын алкагында айтылды. Бул маалыматтык чабуулдар аркылуу биздин өлкөнү эл аралык чыр-чатакка аралаштыруу аракети болуп жатат. Мындай айыптоолор өнөктөшүңдүн жалган имижин түзүүгө, өлкөнүн ичиндеги кырдаалды туруксуздаштырууга жана Казакстандын жооптуу аймактык оюнчу катары беделине доо кетирүүгө багытталган", - деди ал.

Өкмөтчүл маалымат сайты Tengrinews.kz Мажилистин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Константин Авершиндин комментарийин жарыялады. Авершин өз сөзүндө Казакстанга каршы жасалган диверсияны белгилеп өткөн.

"Маал-маалы менен сырттан келген белгилүү бир күчтөр Казакстанды тигил же бул тарапка каршы коюу үчүн ушундай ыкманы колдонот. Алар муну "бот фермалар" аркылуу ишке ашырат. Бул геосаясий турбуленттик доордун процессинин бир бөлүгү", - деди Авершин.

1-июнь, 2025-жыл. Дрон чабуулдарынан кийин өрттөнүп жаткан учактар.
1-июнь, 2025-жыл. Дрон чабуулдарынан кийин өрттөнүп жаткан учактар.

Тетиктер Казакстандан жеткирилгенби?

Ошол эле кезде эл өкүлү Константин Авершин Орусияга дрондорду Казакстандан жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кескин түрдө четке какты:

"Бизде чогултулган дрондор катуу көзөмөлгө алынат. Бир дагы детал кароосуз калбайт. Демек, жогорудагы ойдон чыгарылып айтылган сөздөрдүн бардыгы саботаж. Казакстандын бир гана позициясы бар. Бул - тынчтыкты сактоо. Бул тууралуу биздин президент такай айтып келатат. Казакстандыктар согушка каршы. Мажилистин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү катары мен мындай өндүрүштүк жайларды тынымсыз кыдырып турам. Ошондуктан тетиктер да, даяр дрондор да кимдир бирөөнүн колуна түшүп калат деген пикир чындыкка дал келбестигин расмий түрдө билдирем", - дейт ал.

Деген менен мындай пикирге макул эместер да бар. Саясат таануучу жана эл аралык коопсуздук боюнча эксперт Рустам Бурнашев дрондун деталдары өз-өзүнчө алынып келинерин жана алар Орусия аркылуу өтөрүн эске алганда, кайсы бир версиялар реалдуу экенин белгиледи:

"Менимче, аларды Орусияга жеткирүү кайсы бир тарап аркылуу ишке ашышы мүмкүн. Мен, бирок, кайсы бир өлкөгө басым жасагым келбейт. Казакстанды же башка мамлекетти, ошол эле Беларусту же Грузияны коргоого аракет кылмак эмесмин. Техникалык мүмкүнчүлүктөр бар. Кайсы бир чектөөлөрдү кыйгап өтүү мүмкүнчүлүктөрү да бар", - деди ал "Настоящее время" телеканалына курган маегинде.

Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөсү жана анда Орусия эң чоң оюнчу болуп саналат. ЕАЭБ келишими ага мүчө өлкөлөрдүн аймактарынын ортосунда товарлардын эркин жүрүүсүн камсыздайт.

Расмий Астана санкциялык режимди сактап, Орусиянын Украинага басып киришине жооп катары Евробиримдик менен АКШ киргизген чектөөлөрдү аткарып жатканын бир нече жолу билдирген. 21-майда Тышкы иштер министринин орун басары Акан Рахметуллин Казакстан “өнөктөштөрү менен жакшы мамиледе” жана “өзүнө зыян келтире турган” санкцияларды бузбайт деп ишендирген.

“Азаттыктын” казак кызматы казакстандык бир нече ишкана коргонуу тармагына байланышы бар орусиялык фирмаларга санкцияларды кыйгап өтүп, согуштук аракеттерде колдонулган продукцияларды жеткиргенин ачыктаган иликтөө жарыялаган.

Казакстанда катталган бир нече компания санкцияга илинген товарларды жана кош максатта колдонулуучу продукциянды Кремлге согуштук максатта жеткирүүгө катыштыгы бар деген айып менен Евробиримдиктин жана АКШнын санкциялык тизмесине киргизилген.

Журналисттердин материалдарына жооп иретинде казак өкмөтү айрым коммерциялык компаниялар чектөөлөрдү бузушу мүмкүн экенин моюнга алып, бирок жалпысынан өкмөт экспортуна жана импортуна тыюу салынган товарлардын жеткирилишине тыкыр көз салып турарын билдирген.

Ал эми эксперт Рустам Бурнашев Казакстандан дрон үчүн тетиктер алынып келгени тууралуу версия тастыкталган күндө да бул өлкөгө Орусия же Батыштан дооматтар болушу күмөн деген ойдо.

"Чындыгында, кош максаттагы товарларга көзөмөлдү орнотуу бир топ кыйын. Муну баары: батыштык өнөктөштөр да, орусиялык өнөктөштөр да түшүнөт. Анткени бул көп убактан бери талкууланып келаткан маселе. Балким, эки өлкө ортосунда атайын кызматтардын биргелешип иштөөсү тууралуу талкууланат. Бирок жалпы жонунан мамлекеттик деңгээлде кандай бир дооматтар болору күтүлбөйт. Буга эч кандай негиз да жок. Чукул чаралар көрүлөрү турган иш. Миграция маселеси, чек ара же экспортко болгон көзөмөлдү күчөтүү. Бирок ушуну менен гана баары чектелет",-деди ал.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин Дезинформацияга туруштук берүү борборунун жетекчиси Андрей Коваленко орусиялык 13 учак жок кылынганын, жабыркагандар андан көп экенин маалымдаган.

"Белая" аскердик базасынан көтөрүлгөн түтүн. Иркутск, 2025-жылдын 1-июну.
"Белая" аскердик базасынан көтөрүлгөн түтүн. Иркутск, 2025-жылдын 1-июну.

"Желе" операциясынын натыйжасын талдаган эксперттер жана аскерий аналитиктер Орусия стратегиялык бомбалоочу учактарынын ордун толтура албай турганын айтып жатышат. Алар бул үлгүдөгү учактар көптөн бери чыгарылбай калганын белгилешти.

Шерине

XS
SM
MD
LG