Бул окуя — Эмираттарда өзбектерге карата жарым жылдан ашык убакыттан бери уланып келген текшерүүлөрдүн дагы бир мисалы болуп калды.
5-июнда Өзбекстандын улуттук курама командасы 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен маанилүү оюн өткөрдү. Жыйынтыгында Өзбекстандын улуттук футбол курамасы Дүйнө чемпионатына жолдомо алды.
Бул тууралуу ушул жерден кенен окуй аласыз.
Төмөндөгү макала бул оюнга чейин жазылган.
"Күнөөбүз— өзбек болгонубузбу?”
2-июнь күнү улуттук командасын сүрөгөнү Абу-Дабиге барган өзбекстандык күйөрмандар үчүн өлкөгө кирүү жеңил болбоду. Алардын айрымдары аэропортто бир нече саат кармалып турганы жөнүндө видеокайрылууларды социалдык тармактарга жарыялашты.
“Сегиз сааттан бери турабыз. Паспортторубузду алып коюшкан. Өзбек болгонубуз үчүн... Эч кандай суроо беришкен жок. Себебин да түшүндүрүшпөдү. Эгер бул жерде Европанын же Американын жарандары болгондо, алардын элчилери башкача сүйлөшмөк. Биздикилер болсо телефонду да көтөрүшпөйт. Отурабыз, тамактанган да жокпуз. Себебин сурасак, “Uzbek problem” деп жооп беришти. Кандай проблема? Күнөөбүз— өзбек болгонубузбу?” — деген жигит алардын баары Самарканддан учуп келгенин белгилеген.
Маалыматтарга караганда, ушундай абал 1-июнда да болгон. Ташкент–Шаржа каттамы менен учуп келген өзбекстандыктардын арасында аялдар менен улгайгандар көзөмөл пунктунан ылдамыраак өткөнү айтылууда. Ал эми эркектерден кошумча документтер талап кылынган: анкета толтуруу, мейманканада орун алынганын далилдеген маалымат, артка кайтуу билети.
Күйөрмандардын арасында өзбек журналисттери да болгон. Алардын айтымында, эки окуяда аэропорттон чыгарылбай тургандардын саны 100дөн ашуун.
Окуя социалдык тармактарда катуу талкуу жараткандан кийин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, муну БАЭде коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү менен түшүндүрдү.
“Мамлекетибиздин Абу-Даби шаарындагы элчилиги жана Дубай шаарындагы Башкы консулдугу БАЭнин тиешелүү органдары менен бул маселе боюнча ыкчам сүйлөшүүлөрдү өткөрдү жана абалды жакшыртуу боюнча тынымсыз байланышта болууда”, — деди Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Акмал Бурханов.
БАЭ тарап азырынча расмий комментарий бере элек.
2-июнда түштөн кийин аэропортто кармалып турган өзбекстандыктарга паспорттору кайтарылып, өлкөгө кирүүгө уруксат берилген. Социалдык тармактарда улуттук кийимчен, “Өзбекстан!” деп ураан чакырып, салтанаттуу түрдө аэропорттон чыгып бараткан күйөрмандардын видеосу тарады.
4-июнда Самарканддан Абу-Дабиге бир топ өзбекстандык күйөрман учуп барган. Алар эч кандай көйгөйгө туш болбогонун билдиришти.
Ал арада Эмираттарда жашап, иштеп жүргөн өзбекстандыктар социалдык тармактарда жазышкандай, айрым активисттер полицияга чакыртылып, “футбол учурунда тартипти сактоо жана мыйзамдарга баш ийүү зарыл экени” түшүндүрүлгөн. Кээ бирлери өзбекстандыктарга стадионго барбоо жөнүндө эскертүү берилгенин жазышты. Азырынча “Азаттык” БАЭ полициясынан буга байланыштуу комментарий ала элек.
Мындан тышкары, kun.uz басылмасы 4-июнда "БАЭде убактылуу жашаганга уруксат берген ID-карталары бар өзбекстандыктардын матч үчүн сатып алган билеттери жокко чыгарылганын" жазды. Маалыматтарга караганда, алар "билеттер жараксыз, акча 5-10 күндүн ичинде кайтарылып берилет" деген электрондук кат алышкан. Себеби расмий түшүндүрүлбөгөн бул жагдай да футбол күйөрмандарынын нааразылыгын жаратты.
FIFA эрежесине ылайык, мелдешти өткөрүп жаткан өлкө атаандаш командага стадиондун бери дегенде 10% ажыратышы керек. FIFA азырынча кырдаал тууралуу комментарий бере элек.
Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында азыр Өзбекстан өз тайпасында 17 упай менен экинчи орунда турат. Биринчи тепкичте — Иран курама командасы. Эгер өзбектер БАЭге каршы беттеште жеңишке жетсе же тең чыкса, команда дүйнө чемпиондугуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Же болбосо, 10-июнда Ташкентте өтө турган Өзбекстан-Катар оюнунда утушу зарыл.
БАЭнин курамасы да Азия чөлкөмүндөгү күчтүү атаандаштардын бири. Алар 1990-жылы Дүйнө чемпиондугуна катышкан жана кийинки жылдары Азия Кубогунда жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп келүүдө.
Текшерүүлөр дагы канча уланат?
Апрелдин этегинде өлкөнүн бийлиги өзбек жарандары аралашкан кылмыштардан улам визасыз режим шартын кайра карашы мүмкүн деп кабарланган.
"Акыркы убакта Өзбекстандын жарандары мыйзам бузган учурлар көбөйгөнү эки өлкөнүн ортосундагы визасыз режимге таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги белгиленди", — деп айтылган өзбек Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.
Расмий Ташкент эки тараптын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирип, бул өлкөдөгү өзбек жарандарын "жердештерине шек келтирген кыймыл-аракеттерден оолак болууга" чакырган.
Gazeta.uz басылмасы анын алдында Дубайда өзбекстандык эки кылмыштуу топтун өкүлдөрү ортосунда калайман мушташ болуп, бир адам каза тапканын, дагы бири комага түшкөнүн жазган.
Ага чейин БАЭде израилдик раввин Цви Когандын өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен кармалган Өзбекстандын үч жараны өлүм жазасына өкүм кылынганы кабарланган.
Ошондон кийин Эмиратка учуп барган өзбек жарандарына өлкөгө кирүү кыйындаганы, текшерүү күчөгөнү айтылган. Арасында депортациялангандар болгон.
Швецияда жашап, иштеген өзбекстандык укук коргоочу Гүлназ Мамарасулова маселеге Ташкент олуттуу көңүл бурушу керектигин айтты:
“Бул көйгөй консулдук деңгээлинде чечиле турган иш эмес. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү жасап, БАЭ өкмөтүнө дипломатиялык ноталар менен кайрылышы зарыл. Анткени жөнөкөй жарандардын укугу тууралуу болуп жатат. Бир нече адамдын жасаган иши үчүн бүтүндөй өзбек элин күнөөлөө – адилетсиздик.”
2025-жылдын 15-январында Абу-Дабиде Өзбекстан менен БАЭ ортосунда стратегиялык өнөктөштүк боюнча декларацияга кол коюлган. Расмий маалыматтарда бул документ эки өлкөнүн мамилеси жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүнүн далили катары бааланган. Бирок, талдоочулардын баамында, аэропорттордогу текшерүүлөр жана акыркы окуялар бул өнөктөштүктүн жөнөкөй элдин жашоосуна кандайча таасир этери боюнча суроолорду туудурат.
Учурда БАЭде иштеп же окуп жүргөн өзбекстандыктардын так саны тууралуу расмий маалымат жок. Бирок Дубайдагы активисттердин божомолунда, алар 100 миңдин тегерегинде.
Шерине