6-июнга караган түнү жана эртең менен Орусиянын бир нече аймагы Украинанын дрон чабуулуна кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо. Саратов облусунун Энгельс шаарында аскердик аэродром жайгашкан аймакта мунай базасында чоң өрт тутанганы маалымдалып, кара түтүн каптаган видеолор жарыяланууда.
Маалыматтарга караганда, мунай азыктары сакталган кампа күйүп жатат. "Комбинат Кристалл" кампасы "Энгельс-2" аскердик аэродромун кара май менен камсыздайт.
Бул шаардагы авиабазаны да, мунай базасын да, мунайды кайра иштетүүчү заводду да украин тарап буга чейин да аткылаганы кабарланган.
Киев Орусиянын Украинанын аймагын бутага алуу үчүн колдонгон бардык жайлары жок кылынышы керек деп эсептейт.
Борбор калаа Москванын мэри Сергей Собянин 6-июнга караган түнү абадан коргонуу системалары шаарды көздөй учуп бараткан жеринен алты дрон атып түшүрүлгөнүн айтты.
Москванын түштүк-чыгышындагы Дягилево авиабазасы да украиндердин дрон соккусуна кабылганын айрым Телеграм каналдар жазып, өрттөнүп жаткан сүрөттөрдү жарыялап жатышат.
Украина менен чектеш тилкедеги Белгород облусунун администрациясы тепловоз кырсыкка учураганын, темир жолдо жарылуу болуп, ошондуктан ал рельстен чыгып кеткен болушу ыктымал экенин маалымдады.Поезддер 2,5 саат токтоп тургандан кийин темир жол кыймылы кайра калыбына келтирилгени, адамдар арасында жабыркагандар жок экени айтылды.
Тула облусунун губернатору Дмитрий Миляев түндө учкучсуз эки учак жок кылынганын, аны атып түшүрүүнүн кесепетинен бир нече киши жараат алганын билдирди.
Ушул апта ичинде Орусиянын Курск жана Брянск облустарында эки жерде көпүрө жардырылып, темир жол кыймылына тоскоолдук жаралган, бир нече адам каза болгону кабарланган, Крым көпүрөсүнүн бир түркүгү суу астында бутага алынган, бир нече аймакта аскердик аэродромдор дрон чабуулуна кабылган.Аэродромдорго соккудан кеминде 41 учак жарактан чыгарылганын Украинанын Коопсуздук кызматы билдирген, бирок көз каранды эмес булактар сөз 11 учак тууралуу болуп жатышы мүмкүн экенин айтышкан. (RK)
Шерине