Күйөөсүнүн колунан өмүрү үзүлгөн келиндин сүрөтүн жарыялап, аял кишини айыптаган пост жазганы үчүн коомчулуктун айыптоо-сынына кабылган Инстаграм колдонуучу Айбек Уланов Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды. Бул тууралуу 5-июнда адвокат Шердор Абдыкапаров маалымдап, блогерге каршы кылмыш иши "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" деген берене менен козголгонун айтты.
Кылмыш-жаза кодексиндеги бул берене (330) боюнча айыптуу деп табылган жаран беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Уланов, адвокаттын айтымында, Бишкектин тергөө абагына (ТИЗО-1) камалды.
26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, 38 жаштагы Айзирек Эралиева Өзгөн районунун Алга айылына бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине барып келгенден кийин өз үйүндө өлтүрүлгөн. Кылмышка шектелип 40 жаштагы күйөөсү кармалган. Ички иштер министрлиги ал аялын аңчылык курал менен атканын билдирген. Маркум келиндин жакындары Айзирек күйөөсүнүн кызганычынын курмандыгы болуп калганын айтышкан.
Бишкек шаардык милициясы 31 жаштагы Айбек Улановду 30-майда кармап, кое берген, ал ката кетиргенин мойнуна алып, маркумдун жакындарынан, коомчулуктан кечирим сураган. Бирок кийин кайра эле түз эфирге чыгып, элдин нааразылыгын жараткан сөзүн уланткандан кийин 5-июнда кайра кармалган. Шаардык милиция ал кармалганы тууралуу маалыматында Республикалык наркология жана психиатрия борборунан текшерткенде Уланов "баңги зат колдонуудан кийинки мас абалында болгону аныкталганын" билдирген.
Адвокат Шердор Абдыкапаров Улановду жазага тартуу демилгесин көтөрүп чыккан активдүү жарандардын бири. (RK)
Шерине