Кыргызстанда бүгүн 6-июнда Курман айт майрамдалууда. Жума мечиттерде жана казыяттар уруксат берген мечиттерде эртең мененки саат 7:30да Айт намазы окулду, анын алдында Курман айттык баяндар айтылды.
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров өз куттуктоосунда Курман айт "биримдик менен боорукердиктин, кайрымдуулук менен адилеттүүлүктүн майрамы экенин белгилеп, бул күнү курмандык чалынып, муктаждарга кол сунулуп, жүрөктөр бири-бирине жакындашарын" айтты. Кыргызстан көп улуттуу, көп конфессиялуу, ынтымактуу эл экенин белгилеген муфтий ушул ынтымакты ыйык аманаттай сактоого, элдин биримдиги, өлкөнүн өнүгүшү үчүн жоопкерчилик менен аракет кылууга чакырды.
Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары Кыргызстанда улуттук-руханий баалуулуктарды өнүктүрүү жана жайылтуу, дин тутуу эркиндигин камсыздоо жаатында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
"Биз өлкөбүздөгү көп этностуу жана көп конфессиялуу элибиздин үмүт-тилегин ишке ашырууга, өлкөдөгү ар этностун маданиятын сактоого, Кыргызстанды “Ата Мекеним!” деп эсептеген ар бир кыргыз жаранынын бийик максаттарына жетүүсүнө өзгөчө көңүл бурабыз", - деди мамлекет башчы Курман айтка карата жолдогон куттуктоосунда.
Жапаров бүгүнкү Айт намазга Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде катышты.
Кыргызстанда, ачык булактардагы соңку маалымат боюнча, 3,5 миңдей мечит бар.
Орозо айт, Курман айт майрамдары өлкөдө дем алыш күн деп эсептелет. (RK)
Шерине